Баткен облусунун аймагында жайгашкан Өзбекстанга караштуу Сох анклавында кыргыз жаранын белгисиз бирөөлөр сабап кетишти.

 

КР Мамлекеттик чегара кызматынын маалыматына караганда, анклавга жакын жайгашкан айылдын тургундары айыптууну таап, жазага тартууну талап кылышууда.

 

Мындан улам   шашылыш кеңешме өткөрүлүп, ага чегара аймактарынын башчылары жана укук коргоо кызматтарынын өкүлдөрү катышкан. Учурда абал туруктуу экени айтылууда.

 

Мамлекеттик чегара кызматы бул окуяны чегара жаңжалы эмес, кадимки бейбаштык катары сыпаттайт.