Бишкектин Биринчи май райондук соту жарандык активист, "Эркин эл" саясий партиясынын лидери Мавлян Аскарбековду күнөөлүү деп таап, мамлекетке 50 000 сом төлөөгө милдеттендирди. Мындай чечимди 10-апрелде судья Эмил Кайыпов кабыл алды.

 

Мавлян Аскарбеков чечимге нааразы экенин айтып, шаардык сотко кайрылаарын билдирди.

 

Башкы прокуратура ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси (“Бийликти күч менен басып алууга үндөө”) менен кылмыш иши козголгон. Ал 2017-жылдын 16-январындагы авиакырсыктан жапа чеккен Дача СУ жана Учкун-2 конуштарынын тургундары менен жолугушууда “бийликти басып алууга чакырган” деп айыпталууда. Жыйында айтылган сөздөрдү Улуттук университеттин, БГУнун, Илимдер академиясынын, Юстиция министрлигинин кызматкерлери талдап, "бийликти күч менен басып алууга чакырык болгон эмес" деп корутунду чыгарышкан.

 

Айыпталуучу жана адвокаттар сот ишти калыс карабай, конституциялык укуктары бузулуп жатканын айтып, бир нече жолу ишеним көрсөтпөө тууралуу доо арыз беришкен.

 

Мавлян Аскарбеков - мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигине сын айтып жүргөн активисттердин бири.