Бүгүн, 10-апрелде президент Сооронбай Жээнбековдун башпрокурор Индира Жолдубаеваны кызматтан алуу сунушу Жогорку Кеңештин профилдик комитетине жолдонгон болчу. 

 

Парламенттин конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүм, соттук-укуктук маселелер жана регламент комитети президенттин сунушун кабыл алды. Бүгүн аталган комитетте башпрокурордун кызматтагы тагдыры каралса, эртең жалпы депутаттардын кароосуна алынып чыгылат. 

 

Белгилей кетсек, Конституция боюнча президенттин башпрокурорду кызматтан алуу укугу жок. Ал депутаттарга сунуш гана бере алат, жалпы депутаттардын үчтөн экиси ал сунушту колдос гана өлкөнүн башкы прокурору кызматы менен кош айтышат.