Дүйнөлүк банк айылдарды таза суу менен камсыз кылуу багытында 43 млн 200 миӊ доллар өлчөмүндө каражат бөлөт. Бул тууралуу мыйзамды бүгүн,  Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда жактырды.  

 

Макулдашууга ылайык, Дүйнөлүк банк айылдарды таза суу менен камсыз кылуу багытында 43 млн 200 миӊ доллар өлчөмүндө каражат бөлөт. Жалпы каражаттын 11 млн 900 миӊ доллары гранттык каражат, ал эми 14 млн 500 миӊ доллар жеӊилдетилген насыя болуп саналат. Насыя 38 жылдык мөөнөткө 0,75 пайыздуу үстөгү менен берилүүдө. Каражат Чүй, Ысык-Көл, Ош облустарынын 53 айылын таза суу менен камсыз кылууга жумшалмакчы.

 

Белгилей кетсек, 2026-жылга чейин өлкөнүн баардык айылдары таза суу менен камсыз болуусу керек.  Бирок, Президент аны 2023-жылга чейин бүтүрүү тапшырмасын берген болчу.