Бишкекте Кыргыз-Түрк Достук ооруканасынын ачылат. Ал бирдиктүү иштеп, кыргыз жарандарынын Түркияда медициналык адистиктер боюнча билим алуусу каралган. 

Бул тууралуу бүгүн, Жогорку Кеңеште Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирди.

 

Министрдин айтымында, оорукана 3 жыл биргелешип пайдаланылган соӊ кыргыз тарапка өткөрүлүп берилет. Ошону менен бирге, түрк тарап оорукананын ишине байкоо жүргүзүү жана тескөө иштерин уланта бермекчи. Ошондой эле, 3 жыл аралыгында башкы дарыгер түрк тараптан, ал эми анын орун басары кыргыз тараптан дайындалат.

 

Андан тышкары, түрк тарап эмгек акы төлөө үчүн 19 млн доллар каражат бөлө турганы белгилүү болду. Ал эми арткан акча оорукананын эсебинде кала берет. Жылына 20 дарыгер жана 5 мектептин бүтүрүүчүсү бекер окутулат. Алар окуп келгенден кийин 3 жыл оорукананын өзүндө иштөөгө тийиш.