8-апрелде  Нью-Йоркто өткөн эрежесиз  урушта  Орусиялык балбан  Хабиб Нурмагомедов 70 кг салмакта чемпион болду. Ал буга чейин бир дагы жолу жеңилүү ызасын тарткан эмес.

 

Бул самм мушкер Америкалык мушкер Эл Яквинта менен беттешти. Аны жеңүү менен Нурмагомедов UFC-223түн алкагында жеңил салмактар арасында жеңүүчү деп табылып 530 миң АКШ долларына ээ болгон.  Буга чейин ал 22 беттеш өткөрүп бир дагы жолу жеңилген эмес.

 

Эскерте кетсек, Хабиб кыргызстанга келип, миңдеген күйөрмандары менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берген болчу. Анда спортчунун кыргызстанда дагы миңдеген күйөрмандары бар экенине күбө болгонбуз.