Жекшемби күнү Бишкек ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө калаадагы “Ата Түрк” паркына бомба коюлду деген билдирүү келген. Мындан улам ИИМдин жана УКМКнын кызматкерлери паркка чукул барышкан. Парк курчоого алынып, тийиштүү процедуралар көрүлүп, бомба изделген. Тилекке жараша, ал жерден шектүү буюм, же жардыруучу заттар табылган эмес.

Мындан улам укук коргоо кызматтары маалыматты жеткирген адамды издөөгө алышкан. Ал Бишкек шаарынын 1974-жылы туулган С.С. аттуу жараны болуп чыккан.

Учурда ага карата “терроризим боюнча калп маалыматтарды жеткирүү” беренесинин негизинде кылмыш иши ачылды.