Ош облустук ИИБинин маалыматына караганда, Ноокаттагы мушташка элүү эмес, он бала катышкан.

 

Эске салсак, Ноокат районунда бойго жеткен кызга жолугууга келген башка жердик жигит жергиликтүү жигиттердин ур-токмогуна кабылган. Ал видеого тартылып, интернет тармагына жайгаштырылган. Видеодон жалгыз жигитти көптөп сабап жаткандарды көрүүгө болот.

 

Ош ОИИБинин маалыматына караганда, жабырлануучу жигит арыз жазбаган. Ошондой эле ооруканага да кайрылбаган. Видео тарап, ызы-чуу болгондон кийин гана милиция кызматкерлери ал жигитти издеп барышып, сабаган жигиттерге каршы арыз жаздыртышкан.