Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматына караштуу Чек ара кошуундары мекемеси кыргыз-өзбек чек арасында киши өмүрү кыйылган окуяга түшүндүрмө берди.

 

Анда Кыргызстандын жараны "чек ара тилкесин бузуп, Өзбекстандын аймагына киргени, жоокердин эскертүүсүнө, абага ок атылганына да маани бербегени, андан соң Кыргызстандын аймагына качып өткөнү" айтылат. Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларга таянып, "Азаттыктын" өзбек кызматы кабарлады. Кабарларга караганда, эки өлкөнүн тийиштүү кызматтары окуянын чоо-жайын чогуу иликтеп жатышат.

 

Аксы районунун Курулуш айылынын 34 жаштагы тургуну 7-апрелде өзбек чек арачылары аткан октон жарадар болуп, Кербен шаарындагы ооруканада көз жумган. Буга байланыштуу Бишкек Ташкентке нота жиберген.

 

Мамлекеттик чек ара кызматы маркум Кыргызстандын аймагында, чек арага жакын Мамай айылына баратканда окко учканын билдирген.

 

Өкмөт башчы тийиштүү кызматтарга тапшырма берип, чоо-жайын иликтөөнү тапшырган.