Бүгүн “Ата Мекен” фракциясы башпрокурор Индира Жолдубаеванын бир жыл ичиндеги аткарган иштери тууралуу отчетун угушту. Башпрокурор өзү келбей, докладды колуна карматып орун басарын жөнөтүп койгонго арданыштыбы, же лидери менен бир катар депутаттарынын түбүнө ким жеткенин эстештиби, “атамекенчилер” жабыла отчетту канааттандырарлык эмес деп табышты. Алардын арасында ак карга болуп бир гана депутат Жолдубаеваны жактап добуш берди. Ал – Сайдулла Нышанов. Мындан улам жалпы “атамекенчилерге” каршы чыккан жалгыз депутаттын өткөнүн аңтарууну чечтик.

 

Сайдулла Нышанов “Ата Мекендин” катарында кечээ эле пайда болуп калган эмес, бир нече жылдан бери жүрөт. Өмүрбек Текебаев фракцияны кармап турган кезде эле 2016-жылы бул депутаттын бийлик менен Текебаевдин ортосунда сөз жеткирмей милдетти аткарат деген деген имиш тараган. Атамбаевге лидери тууралуу билген маалыматты төкпөй-чачпай жеткирүүгө жакшы жарайт деген кептер болгон.

 

Кийин, Текебаев камалгандан соң Нышанов ачык эле президент Атамбаев катышкан ар кандай маараке, салтанаттарга чуркап баштаган. Өзү курамында отурган партиянын лидери так ошол Атамбаев менен болгон кайчы пикиринин курмандыгы болуп темир тор артына кеткенин эсепке албастан, президенттин шынаарлаганы Текебаевдин фракциядагы ишенимдүү адамдарына жаккан эмес. Чынында, мындай осол көрүнүш фракциянын, же партиянын ичиндегилер эмес, сырттан карап тургандарга да иренжитерлик көрүнгөн.

 

Андан кийинкиси, Атамбаев президенттиктен кеткенине санаалуу күндөрдөн кийин болду. Нышанов парламенттин трибунасына чыгып алып, Атамбаевге “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын берүүнү сунуштады. Муну уккандар чалкасынан кетишти. Башкадан күтүшсө да,  оппозициялык фракциянын депутатынан мындай сунушту эч кимдин күтпөгөнү ырас.

 

Эми минтип Жолдубаеванын отчетун жактырган жалгыз депутат болду. “Ата Мекен” фракциясындагы. Фракциясы сүзгөн агымга каршы ага берүүдөн чарчай электиги билинип турат.