Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл өкмөтүндө жер көчкү улам активдешип, жаңы жаракалар пайда боло баштады. Булардын арасынан Акчалуу айылында 300 метрлик жарака кетти. Бул жүрүп олтуруп он беш чакты  турак жайды жана айылдар аралык жолду басып калышы толук ыктымал.

 

Баса, Акчалуу айылынын жашоочуларынын баары тең туугандарыныкына аргасыздан көчүрүлгөн. Мындан тышкары кыштактын негизги жолу дагы көчкү коркунучунда кептелип жабылды. Ал жол аркылуу жергиликтүүлөр жогорку айылдарга жана жайлоого гана байма-бай катташчу. Адистердин  баамында, мында болжолдуу 1,5 миллион куб көчкү түшүшү күтүлүүдө. Ал эми Ак-Булак айылында дагы 60 метрди түзгөн эки жарака пайда болду. Ошондуктан, 70 үй кооптуу деп табылып, жашоочулары убактылуу башка жактарга көчүрүлдү.

 

Ушул тапта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери Кызыл-Туу айыл өкмөтү менен кошо Сузак районун баардык аймактарында туруктуу мониторинг жүргүзүп жатышат. Анын жыйынтыгына ылайык кооптуу аймактардын саны дагы артаары болжолдонууда.

 

Жергиликтүү бийлик ырасташынча, туугандарынын үйүнө көчүрүлгөн кожолуктардын баарына тең былтыр жер тилкелери берилип бүткөн. Ошондуктан, алар кайрадан эски журтуна барып алышпасын деп электр жарыгын дагы үзүп салышты. Түшүндүрүү иштери дагыле уланууда. Ал эми кооптуу деп жабылган Акчалуу-Кара-Көл жолунун ордуна алтернативдүү жол салуу боюнча тийиштүү тармактар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан чагы.