“Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теӊештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө”  мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

 

Анда, мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына социалдык нормаларды белгилөөгө, алардын өмүрү үчүн мамлекеттин жоопкерчилигин күчөтүүгө байланышкан коомдук мамилелерди ишке ашырууга, ошондой эле колдонуудагы Мыйзамда пайдаланылган түшүнүктөрдү тактоого багытталган. Мыйзам долбоорунда ыкчам кызматта каза болгон аскер адамдарынын үй-бүлөлөрүн социалдык жактан коргоону жана алардын өмүрү үчүн аракеттеги мыйзамдарга ылайык, камсыздандыруучу сумманы төлөө боюнча бирдиктүү саясат менен камсыздоодо мамлекеттин жоопкерчилигин күчөтүү каралган.

 

 

Камсыздандыруу төлөмү мамлекет тарабынан төлөнөрү белгилүү болду. Мыйзам долбоору аркылуу аскер кызматын өтүп жатканда өз жанын кыйган учурларда дагы камсыздандыруу төлөмү каралган.