Ташкентте 1993-жылы төрөлгөн америкалык ишкерге таандык унаанын алдында калып бир аял каза болду. Бул тууралуу Шаардык жол коопсуздук башкармалыгынан билдиришти.

 

Мекеменин маалыматына караганда, 4-апрелде Ташкенттин Амир Темир көчөсүнүн жөө адамдар өтчү тилкесинде бараткан 33 жаштагы аялды унаа сүзүп кеткен. Сары түстөгү номур тагылган машинени Техас штатында жашаган АКШ жараны башкарып бараткан. 

 

Баш сөөгү сынган аял дароо шаардык клиникалык ооруканага жеткирилген. Бирок алган жараатынан улам 5-апрелде жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

 

Учурда бул факты боюнча тергөө иштери жүрүүдө.