Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда, үй-бүлөлүк-кландык башкаруунун кайталанышына жол бербей турганын билдирди.

Бул тууралуу  ал,  2010-жылдагы Элдик апрель революциясынын катышуучулары, жабыр тарткандардын жана курман болгондордун үй-бүлөлөрүнүн коомдук уюмдарынын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда айтты.

 

Ошондой эле президент,  7-апрелде   биз курман болгондорду эстейбиз жана  үй-бүлөлүк-кландык башкаруунун кыйрашын, эркиндиктин салтанатын майрамдайбыз деди.

 

«Үй-бүлөлүк-кландык режимге каршы күрөштүн башатында турган адам катары мен 2010-жылдын апрелиндеги жеңиш кандай оорчулук менен келгенин билем. Ошондуктан Президент катары мен үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол бербеймин деп кепилдик берем. Көптөгөн адамдар өлкөдө кайрадан айрым саясий топтордун кызыкчылыктары үстөмдүк кылышын каалай турганын билем, бирок мен ага эч убакта жол бербейм. Биздин өлкөбүздө парламенттик демократия өнүгүшү үчүн бардык күч-аракетимди жумшайм. Биздин келечегибиз ушуга байланыштуу болот», - деп баса белгиледи Президент.

 

 

Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча жарым жыл сайын ушундай жолугушууларды өткөрүп турууну чечишти. Андан тышкары, Мамлекет башчысы бүгүнкү жолугушуунун катышуучуларынын ар бирин өз-өзүнчө кабыл алууга даяр экенин билдирди.