Социалдык тармактарда «Республика-Ата-Журт» фракциясынын жаңы шайланган  лидери Жыргалбек Турускуловдун  тоо аркарын аткан сүрөтү  кызуу талкууланып жатат.  Эл өкүлүнүн мындай жоругунан  жийиркенген социалдык тармактын колдонуучулары, анын дарегине ачуу сөздөрдү айтып, айрымдары депутатты мыкаачыга теңешкен. 

 

Ал эми Парламенттеги бакандай фракциянын лидерлигине тандалып алынган Турускулов  бул тууралуу комментарий берүүдөн баш тартууда.

 

Белгилей кетсек, Жыргалбек Турускуловдун фракция лидери болгонуна  эки  гана күн болгон болчу.  

 

Өзүн эле эмес, бүтүндөй парламент депутаттарын уят кылган бул сүрөттү  Турускулов кандай түшүндүрөт, көрө жатарбыз.