Борбор калаадагы кичи автобусчулардын нааразычылыгы токтоп, эки күндөн бери маршруткалар мурдагысындай иштеп баштады. Деген менен, бир нече күндөн бери күйүүчү май ташуучу унаалардын митинги уланууда. Алардын бул кадамга барышына мамлекеттин милдеттүү камсыздандыруу мыйзамы болууда.

 

 

Чоң унаалардын айдоочулары "Сосновка" бекетинде чогулуп, салмагы менен көлөмүн текшергендерге дагы нааразычылыктарын билдиришкен. Айрым маалыматтарга ылайык, андагы унаалардын саны күн санап көбөйүүдө.

 

 

Эскерте кетсек, мамлекеттин бул мыйзамынын жазылганына дээрлик он жыл болгонуна карабастан ал, 1-апрелден тартып күчүнө кирген. Мындан улам коомчулукта  он жылдан бери унчукпай иштеп келген айдоочулар түшүнөн чоочугансып, эми нааразы болуп жаткандарына таң калгандар бар.