Жогорку Кеңештин жыйынында депутат 2017-жылы депутаттар Ботаникалык бакка барып ишембилик өткөрүп, көчөт отургузушканын эске салды. Бирок, быйыл да барган депутаттарды былтыр тигилген көчөттөр бой керип тосуп албай, куураган жыгачтарга кез келишкен.

 

“Көчөттөрдү ким карайт? Отургузгандан кийин өстүрүүгө аракет жасоо керек да”, - деп кейиген депутат жергиликтүү бийликтин милдетине жашылдандыруу кирээрин белгиледи.

 

Ошондой эле депутат жаздын келиши менен айлана-чөйрөнүн тазалыгы боюнча маселелер да калкып чыкканын билдирди.

 

Айтымында, Көк-Жар айылындагы чоң арыкка суу келе баштагандан бери таштандылар да агып келген. Анын арасынан бардык нерсени: иттин, мышыктын өлүгүнөн баштап майда-чүйдө нерселерди да табууга болот.

 

“Суунун башталышын тазалоо керек. Таштар-Ата тоосуна да таштанды таштап жатышат. Окуучулар тазалашты, эми дагы таштанды ташталуусунун алдын алуу керек”, - деди Субанбеков.