Аты көп, заты окшош мамлекеттик кызматтардын катарын азайтуу сунушу менен парламент жыйынында депутат Дастан Бекешев чыкты.

 

“Транспорт министрлигинин алдында транспорт инспекциясы бар. Бул кызматтын бизге эмне кереги бар, анткени, анын функциялары башка мамлекеттик кызматтардыкындай эле, өзгөчөлүү нерсеси жок. Айдоочулардын митингге чыгышына да ушул инспекциянын айыбы бар, алар айдоочуларды сыгып, акча жасап жатышат”, - деди депутат.

 

Ошондой эле депутат Кыргызстандагы маданий жайлардын акыбалына да токтолду.

 

“Кыргыз драмтеатры менен улуттук филармонияга нечен жылдан бери ремонт боло элек. Драмтеатрга келген чет өлкөлүк артисттер баш чайкап кетип жатышат. Уят. Планга киргизип, оңдоо иштерин жүргүзүүгө аракет кылып көрбөйлүбү? Тарых музейине да акырындык менен жасап жатабыз го”, - деген депутат кечке эле “акча жок” деп отура бербей, аракетке өтүү зарылдыгын белгиледи.