Тоолуу аймактардын катарын толуктаган Нарын облусунун куралдуу күчтөрүнүн ардагерлери пенсияларынын толук берилбей жаткандыгын айтып чыгышты.  

Бул туурасында  Жогорку Кеңештеги ар кандай маселелер саатында депутат Алмазбек  Акматов  билдирди.

 

 

Белгилүү болгондой, ардагерлер депутатка кат жолдошкон. Анда,  Аскер прокуратурасы Нарын тоолуу район болгонуна карабай,  ветерандардын пенсиясын толук бербей  жатканы жазылган. Мындан улам, өкмөттү буга көңүл буруп, маселени чечип берүүнү өтүнүшкөн.

 

 

Эскерте кетсек, мыйзам боюнча, мамлекет  тоолуу аймактардын тургундарынын айлык акыларына ошондой эле пенсия, жөлөк пулдарга кошумча каражат кошуп берет.