Социалдык түйүндөрдүн ыкчам маалымат тараткандыгы артыкчылыктуу болгону менен, андагы кабарларды кайсыл мезгил болбосун таап окуу бир топ татаал. Ал эми газеталарды китепканаларда сактап, журналдарды чакан китеп катары пайдалангандар көп. Демек, газета – журналдардын окумдуулугу эч качан жоголбойт, - дейт акын Бактыгүл Чотурова.
Бул тууралуу акын Бактыгүл Чотурова “Парламент” радиосундагы эфир учурунда айткан.
Мындан тышкары ал, - радио, телекөрсөтүүлөрдө аткарылып жаткан музыкалык чыгармаларды эфирге алып чыгууда обон ээси, же аткаруучу гана тааныштырылбастан, ырдын сөзүн жазган акындардын да бирге аталышы – бул маданияттуулук, - деп кошумчалаган.