Союз мезгилинде чогуу түтүн булатууга ниеттенген жуптарга алгач бир ай сыноо мөөнөтүн беришчү. Ал убакыт аралыгында аларга үч жолу үй-бүлө маселелери менен тааныштырган маектешүүлөр болчу.

 

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Ирина Карамушкина билдирди.

 

“Азыр үйлөнгөндөн ажырашкандар көп. Бул айрыкча аймактарда көп болуп, ал жактын жашоочулары кейип жатышат. Союз убагында никеге каттоого тургусу келгендерге бир ай убакыт берип, бири биринин сезимин сынап көрүүгө мүмкүнчүлүк жаралчу. Жана да аларга үй-бүлөнүн күңгөй-тескейи тууралуу маалыматтар берилчү. Азыр да бул нерсени жөнгө салыш керек. Баш кошуу алдында турган жаштарга ар тараптан маалымат берүүгө тийишпиз”, - деди депутат.

 

Бирок, депутаттын сунушуна Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү, бүгүнкү күндө тармакта жаштарга маалымат берүү ишмердүүлүгүн жүргүзчү адис жоктугун билдирди. Белгилешинче, учурда өлкөдө 25 миң никеге турууга 9 миң ажырашуу туура келет.