Бүгүн, Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда мындан туура сегиз жыл мурун болгон 7-апрелдин баатырлары эскерилди.  Бийлик өкүлдөрүнүн катышуусундагы бул иш-чара, “Баатырларды эскерүү” деп аталып театралдаштырылган спектакль коюлду. Ошону менен катар айрым депутаттар баатырларга макам берүү сунуштарын айтышты.  Жакында эле 7-апрель майрам катары таанылып, бул күнү республикада демалыш болоору  жарыяланган болчу.

 

Белгилей кетсек, өлкөдө 2010-жылдын 7-апрелинде, ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккан элге ок атылып, андан 80ден ашык киши көз жумуп, жүздөн ашыгы ар кандай жаракаттарды алышкан. Ал эми Бакиевдер чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан.