Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы Таврич сарайында белгилүү мамлекеттик жана партиялык ишмер, Кыргызстан компартиясынын  Биринчи катчысы Исхак Раззаковдун ишмердүүлүгүнө арналган Эл аралык илимий конференция өз ишин жыйынтыктады.

 

 

Илимий конференцияда адегенде Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун иш-чаранын катышуучуларына жолдогон куттуктоо сөзү окулду.

 

- Исхак Раззаковдун принципиалдуулугу, чынчылдыгы, жупунулугу, сабаттуулугу, чарчабастан иштегендиги жана мамлекеттик даражада ойлонгондугу аны биротоло өлбөс кылып жаратты. Ошону үчүн анын “Коом – бул мен жана сен”, “Эгерде сен таза болсоң, эгерде мен таза болсом, анда коом дагы таза болот” дегени эле эмдигиче жашообуздун башкы урааны бойдон кала берди, - деди  Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаев.

 

 

Илимий конференциянын соңунда Резолюция кабыл алынды. Анда Исхак Раззаков атындагы мамлекеттик сыйлыкты уюштуруу, маркумдун  атындагы үй-музейинин макамын көтөрүү, атын түбөлүккө калтыруу, эмгектеринин жана докладдарынын  толук жыйнагын басып чыгаруу, даректүү кино тартуу маселелери камтылды. Ошондой     эле 2020-жылда Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын мамлекеттик алкакта татыктуу белгилөө жагы дагы сунуш этилди.

 

 

Акырында Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаев доклад окугандарга эстелик белектерди тапшырды.

 

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Булак: “Майдан. kg” гезити