Бишкек жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кыштын кыраан чилдесиндеги авария андагы жабылуу сырдын б.а. баш айланткан коррупциялык схемалардын ачыкка чыгышын шарттады. ЖЭБди модернизациялоо шылтоосу менен миллиондогон долларлар изсиз жоголгону, анын ремонту үчүн бюджеттен жыл сайын бөлүнүп жаткан акча каражаттарынын уурдалып тургандыгы коомчулуктун кыжырын келтирип турган чак.

 

 

Өткөн саныбызда биз Бишкек ЖЭБдин авариядан кийин былыгы ачылып отставкага кеткен директору Нурлан Өмүркул уулунун кантип ишканада үй-бүлөлүк режим орнотконун сөз кылганбыз. Баш аягы бир тууган, таэке-жээн, кайын журт, жердештерин кошкондо ТЭЦтин экс-директору  Нурлан Өмүркул уулунун бу ишканада үч жүздөн  ашуун адамы иштеп келгени не деген шумдук! Андан көп өтпөй, ЖЭБдин ремонтуна деп бюджеттен бөлүнгөн акчаларды жогорку даражалуу чиновниктердин катышуусунда “распил” кылып жүрүшкөнү ачыкка чыкты. Көрсө, ЖЭБдин тегерегиндеги “махинацияларга” өкмөттүн жакында кызматтан шыпырылып, УКМКга сурак берип жүргөн аппарат жетекчиси Н.Момуналиев баш болгон бүтүндөй чиновниктердин тобу катышыптыр. Тактап айтканда, Нурлан Өмүркул уулу ремонтко деп бөлүнгөн акчаларды жыл сайын Н.Момуналиевдин фирмасына которуп турганы айтылууда. Ошончо болгон соң, эч болбосо бир квадрат метр жерди актап-боёп койсо болбойт беле! Жок, акчаны түп-тамырынан, таптаза жешкендери ачыкка чыгууда. Расмий маалыматта айтылгандай, Бишкек ЖЭБинин меш агрегаттарына фиктивдүү тендерлер өткөзүлүп, 2017-18-кышкы сезонуна карата ремонт иштерине бөлүнгөн ири акча каражаттары уурдалган. Аталган ремонт иштерин жүргүзүү боюнча “АйМар Энержи” фирмасы менен келишим түзүлгөн. Бул фирманын ээси аппарат жетекчи Н.Момуналиевдин жакын тууганы экен. Ошондо Нурлан Өмүркул уулу бул афераларга корккону үчүн көзүн жумуп турду беле? Жыл сайын бул максатта 500 млн. сом  бөлүнүп турган. Нурландын “доляда” болбогондуган ким ишенет?

 

“Шибегени капка ката албайсың”, тергөө амалдары кызыган сайын, Бишкек ЖЭБиндеги аварияга түздөн-түз анын ошол таптагы директору Нурлан Өмүркул уулу күнөөлүү экени далилденүүдө. Буга “Электр станциаларынын” аталган объект үчүн жооптуу директорунун орун басары да күнөөлүү. Бирок, бул чындыктын чыгып кетишине чычалаган Нурлан Өмүркул уулу өзүн аппак каргадай көрсөтүп, күнөөнү башка коллегаларына оодаруу аракетин жасоодо. Айрым бейөкмөт уюмдар жана директор болуп келишине салым кошкон депутат Кожобек Рысбаевдин марионеткасына айланып, ай-ааламга “дүң” салып аткан кербези. Булардын максаты түшүнүктүү, “модернизация Атамбаевдин тушунда болгон, ал гана күнөөлүү”- дегенди айтуу. Аталган кытайлык TBEA компаниясы менен келишим 2013-жылы Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөтүнүн тушунда жетишилген, анда энергетика министри болуп Осмонбек Артыкбаев иштеген. Балким, ушул адамдар келишимдин “каймактарын” алып, кытайлыктардын эс-оозубузду ачырып, тандырган сунуштарына макул болгондур. Ошонуну жыйынтыгында ЖЭБге 600 долларга аттиш менен 14500 долларга көрмө камералар келип жатат да. Модернизациядан кийин ЖЭБ ачылып жатканда Нурлан Өмүркул уулу “кылым курулушу” ишке ашкандай мактанганын кантип танат? Эмнеге мактанган? Анткени, “распилге” ал да катышкан...

 

 

Эң негизгиси, тергөө объективдүү жүрсө, бул жазылгандардын баары далиденеринде шек жок..

 

 

 

Булак: “Майдан. kg” гезити