Адатта адилеттиктен үмүтү үзүлүп, өлкөдөгү мыйзамдардын аткарылбай жаткандыгына көзү жеткен адамдын кадамы – өз өмүрүнө кол салуу эмеспи. Бул коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруу экендиги да белгилүү. Өткөн жумада Темирлан Ормуков аттуу көзү азиз активист ичин устара менен тилип жиберип, ушундай харакири жасады. Анткени ага 2016-жылы Башкы прокуратура аймак аралык кастыкты козутууга барды деген кине коюп, быйыл Кылмыш-жаза кодексинин "жалаа жабуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон болчу. Эки жылдан бери суракка алынган активистке Октябрь райондук соту тергөө иштерине катышпай жатат деген негиз менен бир айга камакка алуу чечимин чыгарган. Бирок көзү көрбөгөндөн тышкары жүрөгү да ооруп жүргөн активист сурак учурунда медициналык жардам көрсөтүүнү суранганда тергөөчү баш тартканы аз келгенсип, коркунучтуу кылмышкерлердин арасына камап коёрун да айтып коркуткандыгы белгилүү болду. Ушундай жалган жалаа менен зомбулукка чыдабаган майып жигит акыры аффект абалына кабылып, өз өмүрүнө кол салууга мажбур болгон. Каршылык көрсөтө албаса да эрки майтарылбаган активист “тез жардам” машинасында баратып: “- Мени азыр толтура милиция курчап, коштоп баратат. Каалаганыңарды кылгыла, кааласаңар аттырып салгыла. Мен айтканымдан кайтпайм, кечирим да сурабайм”,- деди. Балким, бул адилетсиздик менен зомбулукка таянган бийликке карапайым, майып адамдын айла кеткендеги каршылыгыдыр...

 

Булак: “Майдан.kg” гезити