2-апрель – дүйшөмбү күнү борбор калаадагы жеке менчик элди ташыган кичи автобустар иш ташташы бир миллионго жакын шаардыктарды башка чапкандай эле кылды. Анткени дээрлик баардык окуучулар, студенттер, мекемелердин кызматкерлери сабакка, жумушка кечигип барышты же такыр эле жетпей, жөө-жалаң салпактап калышты. Ал эми мэрияга караштуу муниципиалдык троллейбус, автобустар тынбай иштеп жаткан менен жүргүнчүлөрдү толук тейлей албай жатышты. Маршруткалардын айдоочулар 1-апрелден тартып күчүнө кирген өкмөттүн милдеттүү камсыздандыруудан өтүү тууралуу токтомуна, бирдиктүү форма боюнча коюлган талапка нааразы болушууда. Мындан тышкары жол кирени 15 сомго чейин көтөрүү, экинчи чийинден бурулуу, жүргүнчүлөрдү каалаган жерден алып, түшүргөн учурда инспекторлордун айыппул салбашын, жөө жүргүнчүлөр жол эрежесин бузган учурда айыпты көбөйтүүнү да талап кылышкандыгы айтылды. Шаар башчысы А.Ибраимов иш таштаган айдоочулардын жүйөлөрүн угуп, алар көтөрүп жаткан маселелер боюнча сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. Бирок ал эң оболу жүргүнчүлөрдүн кызыкчылыгы биринчи орунда болушу керектиги да эскертилди. Ошол эле учурда мыйзамдар аткарылышы зарыл экенин кошумчалады. Бул көрүнүш Бишкектеги көптөн бери айтылып келаткан коомдук транспорт көйгөйү бышып жетилип, жарылган учуру болууда.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити