“Той да болот, тойдун эртеси да болот”,- демекчи, көптөн бери коомчулуктун бүйүрүн кызытып келаткан КСДПнын курултайы 31-мартта болуп, лидерлигине экс-президент А.Атамбаев бир добуштан шайланды. Бирок алгач курултай жабык эшик артында өтүп, журналисттердин киргизилбеши жана А.Жээнбеков, Ж.Акаев өңдүү депутаттардын чакырылбай калышы көптөгөн суроолорду пайда кылды. Бул жагдай тууралуу эксперттер түшүндүрмө бергенче дайыма мезгилден озуп жашаган журналисттер партия экиге бөлүнгөндүгүн божомолдоп жиберишти. Айткандай эле курултай аягына чыкпай, Оштон келген Кушбак Тезекбаев баштаган он беш чакты делегаттарынын чыгып кетиши ушул божомол-дөдөмөлдөрдү ырастап койду. Ал эми таарынып сыртка чыккан бул оштук делегаттарды журналисттер каршы тосуп чыгышып, таарынычтарын айттырып алышты. Көрсө, курултайда күн тартибиндеги КСДПнын лидерин шайлоодон тышкары регламентке киргизилбеген А.Жээнбековдун мандатын тапшыруусун талап кылып, президенттин өзүнө да жалаа жабылыптыр. Бул тууралуу А.Атамбаев өзү деле маалымат жыйынында “Президенттин бир тууганынын мандатын тапшырбай койгондугунун арты жакшы болбойт...”,- деп, жыландын башын кылтыйтты. Айтор, ансыз деле эл арасында аброюн жоготуп, жалаң гана шылуун, шумпайлар менен катары толукталган бул партиянын саясый доору бүтүп калды окшойт...

 

Булак: “Майдан.kg” гезити