Өткөн ишемби күнү Бишкектеги айтылуу “Ала-Тоо” ресторанында Ош, Нарын, Ысык-Көл облусттарынан бери келген 190 коноктун катышуусунда чоң үйлөнүү үлпөтү болгон. Бирок эртеси күнү бир нече адам “оптом” уулангандыгы боюнча шумдук кабар дем алыш күнү эс алып жаткандардын эсин оодарды. Акыркы маалыматтарга ылайык, тамакка ууланып, дарыгерлерге кайрылгандардын саны 173 кишиге жетти. Тилекке каршы жаш балдар менен карыган адамдар да бар. Арасында тойго барбай эле ууланып калгандары да болууда. Көрсө, алар үйүнө барган кешикти жеп ууланышкан экен. Санэпидстанциянын алдын ала маалыматына ылайык, уулануунун себеби тоок эти болууда. Так жыйынтык 4-апрелде чыгары айтылууда. Ал эми “Ала-Тоо” рестораны убактылуу жабылып, жетекчисине 20 миң сом, администраторуна 5 миң сом айыппул салынды. Жапырт уулануу фактысы боюнча  Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы кылмыш ишин козгоду. Коомдук тамактануучу жайлардан адамдар ууланган учурлар буга чейин да бир нече ирет болуп, жакында эле Ошто адам өмүрү кыйылган учур катталган. Албетте, ресторан убактылуу жабылып, бул окуя унутулган соң кайра ачылып, иштей береринен шек жок. Балким, той десе Түптөн Тундрага чейин топурап жетип барган адатыбызды таштап, алдыбызга койгон тамакты бир аз текшерип, анан жегенди үйрөнгөнгө өтсөк, ушундай өмүрүбүз менен өлчөнгөн кырсыктардан оолак болорбуз.

 

Булак: “Майдан.kg” гезити