3-апрелден 5-апрелге чейин Бишкек – Торугарт эски унаа жолунун 108-чакырымында жардыруу иштери болот.
Бул тууралуу “Кыргызтемиржолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, буга байланыштуу 103-117-чакырымдарда саат 8:00дөн 22:00гө чейин толугу менен ИИМ кызматкерлери тарабынан жабылат.
Автоунаалардын кыйгач жолдогу кыймылы токтотулбайт.