КР Мамлекеттик салык кызматынын башчысынын орун басары Кубанычбек Кумашов камакка алынды.  Бул тууралуу укук коргоо кызматтарынын маалыматына таянып маалымат каражаттары жазышууда.

 

 

Ал эми УКМК республикалык бюджеттен НДСти “Интеррустрейд” ЖЧКсына жана “Полларис” ЖЧКсына мыйзамсыз өткөрүп берүү боюнча ачылган кылмыш ишинин алкагында коррупцияга шектелип аталган кызматтын башчысынын орун басары Кубанычбек Кумашов кармалганын тастыктаган.

 

Учурда Кумашовду УКМКнын абагына киргизишкен. Тергөө амалдары жүрүүдө.