Парламенттин социалдык маселелер комитетинин жыйынында  Бишкекте курулуучу кыргыз-түрк биргелешкен ооруканасы боюнча келишим долбоорун карашты.

 

Талантбек Батыралиев документке өзгөртүү киргизигенин айтты эле, депутат Строкова нааразыланды:

 

“Макулдашуу барагы кайда? Дагы деле документтер толук эмес, дагы да толук эмес документти эптеп өтүп кетсин деп эле бизге алып келип атасыңар. Көз жазгырмайды коюп жакшылап жасагыла. Биздин президент жакында Түркияга барат дегенди бетиңерге кармабагыла. Мен президент кайсы бир жакка бараарын карап добуш бербейм. Премьер-министрди жаман атты кылгандай          , эми президентти да жаман атты кыласыңарбы деп корком”, - деди ал.

 

Депутаттын айтымында, өткөн жолку документтин кыргызча жана орусча варианты англис тилиндеги вариантынан айырмаланып турган. Ошондуктан депутат кесиптештерин бул маселеге олуттуу карап, регламентти сактоого чакырды.

 

 

Талантбек Батыралиев өткөн жолу эч кандай эреже бузушпаганын белгиледи.