Азербайжанга сапарга чыккан Иран президенти Хасан Роухани 27-мартта Түркмөнстанга кайрылды. Анын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды.

 

Иран бул расмий сапарды Нооруз майрамы менен байланыштырды. Жолугушуу учурунда Роуханинин жаңы жылдагы алгачкы сапары Ашхабаддан башталганы белгиленди. Тегеран менен Ашхабад 10дон ашуун келишимге кол коюшту.

 

Түркмөнстандан кийин Азербайжанга барган Роухани Тегеранга 29-мартта келди. Ошол эле күнү Иран менен Түркмөнстан соттолгон жарандарды алмашышты. Түркмөнстан Иранга камактагы 283 ирандык жаранды өткөрүп берди. Алардын көбү Гүлистан провинциясынын жашоочулары.

 

​Буга чейин Иран менен Түркмөнстан газ соодасына байланыштуу бири-бирин эл аралык сот менен коркутушкан. Тегеран Ашхабадды газдын наркын ыксыз көтөрүүгө айыптаса, Түркмөнстан Иран карыздарды төлөбөй жатканын айткан.

 

Роухининин Ашхабаддагы сапарын иран басылмалары эки өлкө ортосундагы “муздун ээриши” катары сыпатташты.