Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары бүгүн иш таштоо кылышып, 12-кичирайонго топтолушуп, митинг уюштурушкан. Алар өкмөттүн милдеттүү полис киргизген токтомуна жана окшош формага нааразы болушкан.
Бирок, айдоочулардын мындай аракети өзүн актабай турганы белгилүу болду. Бишкек мэриясынан кабарлашкандай, айдоочулардын талаптары аткарылбайт.
Маалыматка караганда, Бишкекте бүгүнкү күндө эл ташуу кызматын аркалаган 40 фирма бар. Алар 120 маршруттук каттам боюнча жүрүшөт. Ар күн сайын 2700 автоунаа эл ташууга чыгат. Көбү камсыздандырылган эмес. Милдеттүү камсыздандыруу зарылдыгын Шаардык транспорт башкармалыгы айдоочуларга 2018-жылдын январь айында кабарлаган.
Мэриянын билдиришинче, маршруттук таксилердин айдоочулары алдын ала тийиштүү кызматтарга эскертишпестен, жапырт ишке чыкпай коюшкан.