21-мартта Москванын Новогиреев районундагы клиникалык ооруканага октон алган жарааты менен Атхамбек аттуу өзбек жараны жеткирилген. Полиция өзбекстандык мигрант менен анын эки досун автоунаа аккумуляторлорун уурдаган деп айыптоодо.

 

Атхамбек менен анын адвокаттары укук коргоо органдарынын айыптоолорун таптакыр негизсиз деп аташууда.

 

«Полициячылар мен тааныштарым менен сүйлөшүп турганда күтүүсүздөн кол салышты. Мен эч кандай каршылык көрсөткөн эмесмин — алардын колунда тапанча бар болчу. Каршылык көрсөтсөм колума же бутума деле атышса болмок да. Эч нерсе уурдаган эмесмин. Москвада батирлерди оңдоп иштейм. Ак эмгегим менен акча табам», – деди Атхамбек.

 

Адвокат Шухрат Хамракуловдун айтымында, полиция кызматкерлери Атхамбекке эскертпестен ок атышкан.

 

«Менин түшүнүшүмчө, полиция ага колго түшүрүү маалында ок аткан экен. Бирок азырынча муну ырастай турган эч кандай далил жок. Ок анын бөйрөгүнө тийип, операциядан кийин бир бөйрөгүн алып салышты. Полиция кызматкери өз ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып, куралды мыйзамсыз колдонгон. Мен жергиликтүү тергөө комитети бул ишти кылдат тергеп, күнөөлүүлөр жазасын алат деп үмүттөнөм», — деди Хамракулов.

 

Операциядан көп өткөй полиция Атхамбекти тергөө абагынын ооруканасына алып кетишкен.