Башкы прокуратуранын өкүлдөрү ИИМди “кылмыш иштерин жасалма ачат” деп айыптады. Ал эми ИИМ Башкы прокуратура өз кемчилигин башкага жабууга аракет көрүп жатат деп актанды.

 

Башкы прокуратуранын укуктук статистика Башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Бахтияр Осмоналиев маалымат каражаттарына маек берген. Анда ал ИИМ кылмыш иштерин ачууга пайызды көбөйтүүгө гана аракеттенерин белгилеген. Айтымында, ачылган кылмыш иштеринин арасында жасалма ачуулар да бар.

 

 “Мындай кырдаал ИИМ дисциплиналык эсептик саясатты жөндөй албаганын билдирет. Анан аны кантип Башкы прокуратура уюштурсун”, - деген орун басар.

 

 ИИМдин жообу көп күттүрбөдү. “Башкы прокуратура укук коргоо кызматтары тарабынан кылмыштардын жасалма ачылышын жана жөнгө салуунун негативдик тең салмактуулугунун болушун өзү шарттады”, - деген ИИМ.

 

Анда белгиленгендей, кылмыш иштери Башкы прокуратура менен макулдашуудан кийин гана ачылат. Аны токтотуу чечимин да Башкы прокуратура кабыл алат.

 “Башкы прокуратура өзүнүн катачылыгын министрликке оодарганы туура эмес”, - деп белгилеген ИИМ.