Бишкектеги Ала-Тоо ресторанына санэпидемстанциясынын кызматкерлери текшерүү жүргүзүшүүдө.  Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка караганда, аталган ресторанга конокко баргандардын арасынан 75тей адам медициналык жардамга муктаж болушкан. Маалымат каражаттарында жазылгандай, 190 адам конокто болушкан, 31-мартта үйлөнүү тоюу белгиленген. Ошол эле күнү дарыгерлерге кайрылуулар башталган.

 

Учурда 53 адам ооруканаларга жаткырылган, алардын акыбалы орточо деңгээлде. Жабырлануучулардын арасында 10 жашка чейинки 11 бала да бар.

 

Санэпидемстанциясынын башчысы Артур Буюкляновдун айтымында, болжолдуу маалыматтарга караганда, уулануу тоок этинен келип чыгышы мүмкүн.