Жалал-Абад облустук прокуратурасы Автоунааларды каттоо Департаментинин бир катар кызматкерлеринин  үстүнө кылмыш ишин козгоду. Анткени, алар жеке нотариустун кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп, Кыргызстанга он төрт машинаны мыйзамсыз алып киришкен. Ошентип, мунун кесепетинен мамлекетке 16 миллион 139 миң сом зыян келтирилген.

           

- Узаган жылдын августь айынан октябрь айына дейре Автоунааларды каттоо Департаментинин бир катар аткаминерлери жана Казакстандын жарандары өз ара сүйлөшүп, жеке нотариус кызматынан ченемсиз  пайдаланышкан. Жашы жетелек үч кыргызстандыктын наамына ишеним кат дагы тууралашкан. Анан ошого ылайык Автоунааларды каттоо Департаментинин жооптуу кызматкерлери ал автоунааларга мамлекеттик номурларды берип турушкан, - деди Башкы Прокуратуранын өкүлү.

 

Бирок, кийин текшергенде, келишимде аты-жөнү жазылган жарандар чет өлкөгө таптакыр барышпагандыгын, ошондой эле автоунааларды сатып алган эч кандай келишимге кол дагы коюшпагандыгын ырасташты. Ошентип, мунун кесепетинен мамлекетке 16 милион 139 миң сом зыян келтирилген.

 

Соңку саттарда Жалал-Абад облустук прокуратурасы Кылмыш Кодексинин «Кызматынан кыянат пайдалануу», «Кызматтык алдамчылык», «Жасалма документтерди тууралоо жана урунуу», «Контрабанда», «Жеке нотариус кызматынан ашкере пайдалануу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, тиешелүү материалдар бүт Жалал-Абад облустук Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү полициясына өткөрүлүп берилди.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз, Булак: «Майдан.kg» гезити