Орусиянын Рязань шаарында тигүү цехинде кулчулукта жүргөн кыргызстандык 13 аял куткарылды. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сеитов маалымдашынча, алар өткөн жумада табылган. Аялдар өздөрүнүн абалы тууралуу телефон аркылуу тааныштарына эптеп чалып маалымдашып, анан гана милицияга кабар жеткен.

 

Кыргызстан менен Орусиянын ички иштер министрликтери чогуу жүргүзгөн иликтөөдө алар Рязань шаарындагы “Февраль” аталган ишканада кулчулукта жүрүшкөндүгү биротоло аныкталды. Ал жерде жүз киши иштеп жатканы, анын 13ү кыргызстандыктар экендиги такталды. 


- Паспортторун алып коюшкан. Сыртка таптакыр чыга алышпайт экен.  Фирманын ээси — Орус жараны, ал эми негиздөөчүсү вьетнамдык экен. Тигүүчүлөрдүн көбү Вьетнамдан келишиптир. Мындан тышкары Борбор Азиядан баргандар дагы иштешкен, — деп кошумчалады ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов. 


Ал эми Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова буларды кошумчалады:  “Кыздар мамлекеттик органдарга жолдогон арызында айлык акысын, моралдык жана материалдык чыгым үчүн кенемте төлөп берүүсүн талап кылып жазышкан. Миграция кызматына өздөрүнүн абалы тууралуу тааныштары аркылуу видео дагы жиберишкен. Азыр алар туугандарынын, жакындарынын жанында. Жардамга муктаждары жок, баары тең тарап кетишти”.


Ошентип, “Февраль” фирмасынын жетекчилигинин үстүнөн кылмыш иши козголду. Жумушчуларга айлык акысын алып берүү маселеси эми гана каралып жатат. Кулчулукка кабылгандар Кыргызстандын түрдүү аймактарынан барышкан. Алар 39 жаштагы жарандын ортомчулугу менен Бишкектен Орусияга кетишкен. Учурда ошол жакта көрсөтмө берип жатышат. Бул ишти ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү тыкыр көзөмөлгө алды. 

 


Алишер Токсонбаев, Булак: “Майдан. kg” гезити