Укук коргоочу, Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты Малала Юсуфзай 29-мартта мекени Пакистанга 2012-жылдан бери алгачкы жолу барды. Алты жыл мурда ага талиптер кол салып, жарадар кылышкан.

 

Ал Исламабад аэропортунан мейманканага күчөтүлгөн күзөттүн коштоосунда жеткирилди. Юсуфзай Пакистанда төрт күн болуп, өлкөнүн премьер-министри Шахид Хакан Аббаси менен жолугат деп күтүлүүдө.

 

Ал 11 жашында талиптердин Пакистан түндүгүндөгү Сват аймагына шариат мыйзамдарын орнотуу аракеттерин сындаган блогдору менен атактуу болгон. Анда Юсуфзай кыздардын билим алуу укуктарын ачык коргоп чыккан. 2012-жылы октябрда ага Талибан кыймылынын жоочулары кол салып, жарадар болгон. Кийин Улуу Британияда узак дарылануудан өткөн.​

 

2014-жылы 17 жашында Малала Юсуфзай Нобелдин Тынчтык сыйлыгын алып, кийин БУУнун тынчтык элчиси болгон.