Жалал-Абад шаарында мыйзам чегинде тыюу салынган кумар оюндары дагыле ойнотулат. Бул туурасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.

           

Маалыматка таянсак, Жалал-Абад шаарынын Манас көчөсүндө жайланышкан ESUS мини маркетинде, Осмонов көчөсүндөгү «Форсаж»  компьютердик клубунда дагыле кумар оюндары кадимкидей ойнотулуп жатыптыр.

 

Фактыга ылайык кылмыш иши козголду. Аталган жайларда атайын тинтүү дагы жүргүзүлдү, далил сыңары кумар ойноого ылайыкташтырылган компьютердик жабдуулар, катуу дискилер жана акчалар алынды. Ушул тапта тергөө башталды.

 

Булак: «Майдан. kg» гезити