Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзамга ылайык Ош шаарынын аймактык шайлооо комиссиясын курамын жаңылады. Буга ылайык Ош аймактык шайлоо комиссиясынын төрагалыгына Абдижалил Муратов кайрадан бир добуштан шайланды.

 

Буга улай Ош аймактык шайлоо комиссиясынын жооптуу катчылыгына Бактыгүл Топчубаева бекиди. «Шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү» Мыйзамга ылайык аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы менен катчысы БШКнын жыйынында анын жалпы мүчөлөрү тарабынан шайланышат.

 

Булак: «Майдан. kg» гезити