- Кеңешбек Жумабекович, ЖАМУнун 95 жылдык мааракесин белгилөө алдында турасыздар, даярдыктар кандай?

 

- Улуу Жибек жолунда жайгашкан Жалал-Абад шаарындагы илим, билимдин бешиги болгон Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жамааты быйылкы жылы 95 жылдык мааракесин элибиздин, журтубуздун алдында жүзү жарык белгилеп жатат.

Бир кылымга тете мезгил ичинде биздин университет 1923-жылы ачылган кыска мөөнөттүү мугалимдер курсунан, түптүү педагогикалык окуу жайынан, педагогикалык институттан  бүгүнкү күчтүү, заманбап университеттердин бирине айланды.

Убакыттын “...кыскалыгына мейли эле, бирок, анын тездигинен катат баш” – деп улуу акын А.Осмонов жазгандай, кечээ эле 1993-жылы, мына биз да жогорку окуу жайына айланып, “университет” статусун алдык деп сыймыктанып турдук эле, андан бери эле көз ачып-жумганча чейрек кылым өтүптүр.

 

Мына ушул 1993-жыл университетибиздин тарыхындагы бурулуш учурлардын эң негизгилеринин бири болуп калды. Ушул жылдан баштап университеттин жалпы жамаатынын, анын окуу жайы катары тарыхынын жаңы барагы ачылып, университетибиз өнүгүүнүн жаңы деңгээлине көтөрүлүп, көптөгөн өзгөрүүлөрдү, изденүүлөрдү, алга жылууларды башынан өткөрдү. Бул аралыкта университеттин пайдубалы түптөлүп бекемделди, материалдык-техникалык базасы чыңдалды, илимий потенциалы жогорулады. Университет экономикабыздын түрдүү багыттары боюнча республикабыздын жана региондун керектөөлөрүнө жараша, мамлекеттик заказдарга ылайык жогорку квалификациялуу адистерди татыктуу даярдап келе жатат.

ЖАМУ региондо жайгашкан университет катары аймактын, республикабыздын  социалдык-экономикалык өнүгүшүнө өз салымын кошо ала турган жогорку билимдүү кесипкөй адистерди даярдап, региондун иновациялык өнүгүүсүнүн генератору катары да өз милдетин аткарууда.

 

Биз бүгүн Кыргызстандын туусун бийик көтөрүп, желегин желбиретип жаткан өзүбүздүн алдыңкы студенттерибиз менен, алардын окуудагы, спорттогу өзгөчө жетишкендиктери, жеңиштери менен  мактана алабыз.

 

Кыргызстандын алгачкы илимпоздору, белгилүү акын-жазуучулар, көрүнүктүү илимий, маданий, адабий, саясий, коомдук жана билим берүү ишмерлери ушул окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү экени да бизди сыймыктандырбай койбойт. 

 

Бүгүнкү ЖАМУ – бул 12200дөн ашуун студенттер окуган, 2 институт, 6 факультеттеги 36 кафедраларды, 6 колледжди камтыган, 3 жогорку адистик, 23 жогорку бакалавр даражасы жана 32 орто кесиптик билим берүү программасы боюнча адистерди даярдап, мамлекеттик буйрутмаларды, тапшырмаларды аткарып жаткан 565 кишиден турган профессордук-окутуучулук курам, анын ичинен 24 илимдин доктору, профессорлор, 100дөн ашуун илимдин кандидаттары, доценттер, 2 Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттары, эмгек синирген кызматкерлери, кадыр-барктуу окумуштуулар, пикирлеш-санаалаштар эмгектенген чоң жамаат.

Окуу жайыбыздагы ушул убакытка чейин жасалган жана учурда аткарылып жаткан бардык чоң, кичине иштердин артында конкреттүү кишилер, инсандар тураары баарыбызга белгилүү.

 

Бүгүн мен университеттин ректору катары – ЖАМУга өз өмүрүн, жаштыгын арнап, билим, тажрыйбасын аябай, жаш муундарга татыктуу тарбия берүүгө өз салымын кошкон улуу муундагы агай-эжейлердин баа жеткис асыл эмгектерине башымды ийип таазим кылам. Бул кишилер өмүрлөрүн жарыкка жетелеген, илим-билимге ээрчиткен эң асыл ишке арнашты. Алардын ар биринин кошкон салымы менен ЖАМУ бүгүн Кыргызстандагы алдыңкы окуу жайлардын бири болуп, дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине чыгууда.

 

Бизге региондун жаштары алардын келечек мүдөөсүн аткара турган, каалоолорун ишке ашыра турган университет катары карашат, ишенишет, ЖАМУнун студенти болууну каалашат. Биз үчүн мындан ашкан сыймык, мындан артык коомдук жоопкерчилик, мындан өткөн ишеним жок.

 

Быйыл биз университетибиздин 95 жылдык торколуу тоюн өткорүп жатып, дээрлик бир кылымдык бай тарыхы бар түптүү окуу жайыбызды күчтүү, заманбап университетке айландыруу максатында “өткөндү баалап, сыйлап, бүгүнкүбүзгө таянып, келечекти курабыз” деген ураан менен улуу муундагы аксакал агай-эжейлерибиздин, окутуучуларыбыздын билимин, бай тажрыйбаларын колдонуп, алардан үйрөнүп, бүгүнкү жетишкендиктерибизге таянып, жаркын келечекке карай билим берүү жолундагы улуу сапарыбызды мындан ары да талыкпастан уланта бермекчибиз.

 

- Ректор болуп шайланып, бекилгениңизге бир жыл төрт айдан ашыптыр, шайлоо алдындагы программаңызды ишке ашырууда кандай иштер жүрүп жатат?

 

- Мындан бир жылдан ашык убакыт мурда мен өзүмдүн шайлоо алдындагы программаларым тууралуу университеттин жамааты менен бөлүшкөм, кенен талкуулар болгон. Бул программада университеттин өнүгүүсүнүн негизи багыттары камтылган болчу, булар: кадрдык потенциалды өстүрүү, илимий активдүүлүктүү колдоо жана өнүктүрүү, университеттин структурасын жана башкаруу системасын реформалоо, материалдык-техникалык базаны мындан ары бекемдөө.Шайлоо алдындагы программамдын дагы бир багыты катары университеттин билим берүү мейкиндигиндеги статусун жогорулатуу турган. Бүгүнкү күндө бул багыттар боюнча бир топ алгылыктуу иштер жүрүп жатат.

 

ЖАМУнун 2020-жылга чейинки өнүгүүсүнүн стратегиясы иштелип чыкты. “Өнүгүү стратегиясы” төмөндөгү багыттарды камтыйт: билим берүү ишмердүүлүгү, илим иштери, маалыматтык технологияларды өнүктүрүү, кадрдык жана социалдык саясат, аймактык билим берүү мекемелеринин өнүгүү стратегиясы, материалдык-техникалык базаны өнүгүүсү, тарбиялык жана окуудан тышкаркы иштеринин негизги багыттары, уюштуруу жана башкаруу системасын өркүндөтүү. Стратегиянын негизинде университеттин өнүгүүсүн аныктаган 30 дан ашык ички нормативдик-укуктук актылар, жоболор иштелип чыгып, бекитилди. “Виртуалдык ректорат” системасын, электрондук автоматташтырылган байланыш тутумун өнүктүрүү жүрүп жатат.

 

Университеттин материалдык-техникалык базасын мындан ары чыңдоо, окутуучулук-профессордук курамынын сапатын мындан да жакшыртуу, студенттерге сапаттуу билим алуу боюнча түзүлгөн шарттарды дагы жакшыртуу, жаш окутуучуларды колдоо сыяктуу бир топ программалар түзүлүп, ишке ашырылууда. Университет региондун илим, билим жана маданий борбору экендиги жөнүндө коомчулукта мындан да жакшы пикирлерди жаратууга аракет тынбай жасалууда.

 

Ректор болуп шайлангандан кийин эң биринчи маселелерден болгон профессордук-окутуучулук курамдын айлык акысын жогорулатуу маселесин коюп, айлык акыны 50% жогорулатууга жетиштик. Ар бир кызматкердин иштеген ишине жараша эмгек акысына кошумча төлөм чегерүү 50% чейин көтөрүлдү. 2017-жылдын жыйынтыгы менен университеттин бардык кызматкерлерине бир айлык эмгек акысынын өлчөмүндө акчалай сыйлык, же башкача айтканда өндүрүштүк ишканаларда берилип жүрчү “13-маяна” берилди.

 

Материалдык-техникалык базаны чыңдоо боюнча да тынымсыз иштер жүрүп жатат. ЖАМУнун инфраструктурасынын, окуу корпустарынын, студенттик жатаканалардын, спорт аянтчаларынын заманбап кайра куруу жана жаңы  куруу иштерин жүргүзүү пландаштырылып, четинен ишке ашырыла баштады. 2017-жылы эле 14 756 202 сомдук курулуш жана ремонт иштери аткарылды.

 

Алсак, педагогикалык факультетинин фойеси толугу менен реконструкцияланып, кеңейтилип заманбап айнек, эшиктер орнотулду. 1-кабаттын сол канаты толугу менен ремонттолуп, жаңы санузел ишке берилди. “Конфуций” институтунун 10 жылдан ашуун убакыттан бери бүтпөй турган имаратынын курулушу бүткөрүлдү, чатыры жаңыланып, жабылды. Шаардын “Курортная” көчөсүндөгү “Ден-соолук” борборунун спорт аянтчасы ишке берилди.

 

Башкы корпустун тегерегине брусчатка, асфальт төшөлдү. Заманбап, кичи футбол аянтчасы курулуп бүтүп, ишке киргизүү алдында турат.

 

АТФ корпусунун чоң жыйындар залы толугу менен реконструкцияланып, жаңы театралдык заманбап отургучтар орнотулуп, терезе-эшиктери пластикке алмаштырылды. Имаратынын кире беришине арка тургузулуп, брусчаткалар төшөлдү.  Корпустун алдына жаңы типтеги шырдак сыяктуу кооз брусчаткаларды төшөө боюнча да иштерди баштадык.

Кире бериштеги жайгашкан имараттын подвалы ремонттолуп, Медициналык факультети үчүн морго ылайыкташтырылды.

 

Чет элдик гранттар аркылуу материалдык-техникалык базаны өнүктүрүү боюнча да бир топ алгылыктуу иштер жасалып жатат, алсак, АКШнын элчилигинин колдоосу менен, Кытайдан, Индиядан келген инвестициялар аркылуу окуу корпустарыбыз заманбап ремонттолуп, реконструкцияланып, окуу кааналары, аудиториялар техникалык каражаттар менен жабдылды.

 

Чет өлкөлүк инвесторлор менен азыр университеттин кызматкерлерине кызматтык үйлөрдү куруу жөнүндө да сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул багыттагы иштер мындан ары да активдештириле бермекчи.

 

- Азыркы учурда ЖОЖдордогу реформалар сиз жетектеген университетте кандай жүрүүдө?

 

- Ректор болуп шайлангандан кийин бардык багыттар боюнча ишти бирдей алып кетүү зарылдыгы белгиленген жана ошого жараша билим берүү процессин жакшыртуу, студенттердин билим сапатын жогорулатуу, илимий изилдөө иштерин өнүктүрүү, коомдук-тарбиялык иштерди жүргүзүү боюнча пландар бекитилип, ыраатуу жүргүзүлүүдө. Окутуунун жаңы технологиясын жайылтуу, окутуунун сапатын жакшыртуу, студенттерге татыктуу билим берүү боюнча иштер улантылууда. Университеттин сайты кайрадан жаныланып, “AVN” маалыматтык системасы ишке толугу менен киргизилип, окуу процессин автоматташтыруу ишке ашырылды.

Студенттердин жана окутуучулардын маалыматтык базасы толугу менен автоматташтырылды.

 

Быйылкы окуу жылында “Росинбанк” менен түзүлгон келишимдин негизинде ата-энелер жана студенттерге ыңгайлуу шарт түзүлүп бардык региондордон окуу акысын төлөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Эми окуу акысын төлөөчүлөр, ата-энелер алыс шаарлардан же айыл-кыштактардан акча, убакыт коротуп отурбай эле, “Росинбанктын” филиалдары жайгашкан жерлерден өздөрү каалаган мезгилде, мүмкүнчүлүгүнө жараша каалаган суммасын өз баласынын эсебине которо алышат. Университетте бардык акча операциялары, суммасына карабастан кассасыз, толугу менен банк аркылуу жүргүзүлөт, бул да коррупцияга каршы күрөшүүнүн бир ыкмасы.

 

Ошондой эле “KelBil” (келечек билим) мобилдик тиркемеси ишке киргизилди, бул тиркемеде расписание, катышууну учетко алуу, студенттик окуу карточкасы, окуу акысын төлөө, окутуучу үчүн катышуунун электрондук варианты, расписаниенин автоматтык иштөөсү берилген. Бул мобилдик тиркеме аркылуу ата-энелер да өз балдарынын окуудагы жетишкендиктерин, сабактарга катышууларын, мурдагыдай деканатка келбей туруп эле, аралыктан көзөмөлдөп, толук маалымат ала алышат.

 

ЖАМУнун сайтында да өзгөрүүлөр болуп, сайтка “AVN” маалыматтык системасынын, “Kel-Bil” (келечек билим) мобилдик тиркеменин атайын кнопкалары жайгаштырылып, ата-энелер, студенттер, окутуучулар үчүн университеттен тышкаркы жерде да иштөөгө шарт түзүлгөн.

 

Ошондой эле сайтка коррупцияга каршы күрөшүү максатында “электрондук анкета” жайгаштырылды. Бул жерде анонимдүү түрдө, аты жазылбастан анкеталар толтурулуп, түшкөн маалыматтар университеттин тиешелүү бөлүмдөрү, жетекчилери тарабынан анализденет.

 

Аскердик комиссариатка, окугандыгы, иштегендиги тууралуу, “кыдырма барак” сыяктуу тактамаларды берүү кызматтары автоматтык түрдө иштеп, “бирдиктүү терезенин” иштөөсүнө шарт түзүлдү.

 

ЖАМУнун колледждеринде видеобайкоо системасы атайын долбоордун негизинде иштеп жатат, факультеттерде да видео байкоолор орнотулуп, иштей баштады.

Бүгүнкү күндө коррупцияга каршы күрөшүү, жагымсыз жагдайлардын алдын алуу, билим сапатын жогорулатуу, студенттердин окууга болгон мамилесин жакшыртуу максатында окуу бөлүмү, окуу сапатын башкаруу бөлүмдөрү тарабынан факультеттердин деканатынын, колледждердин бөлүмдөрүнүн катышуусу менен окуу процессин автоматташтыруу боюнча иштер жүргүзүлүп, предметтер боюнча тесттер AVN маалыматтык системасына жүктөлүп, электрондук ведомость ишке киргизилип, модуль, экзамендер компьютердик тест аркылуу окутуучулардын катышуусусуз алынууда. Тестирлөө борборлору, компьютердик класстар түзүлүп, мурдагыларга кошумча дагы 100гө жакын жаңы компьютердик техникалар сатылып алынды.

 

Мындай өзгөртүүлөр окутуучу-профессордук курамдын да колдоосуна ээ болду. Бул маселе боюнча, акыйкаттык үчүн айта турган болсок, окутуучулардын арасында, айрыкча гуманитардык, филологиялык, юридикалык багыттагы кээ бир окутуучулардын арасында бир аз түшүнбөстүктөр да болду. Мындай маселелерди түшүндүрүү үчүн, кеңири талкууларды жүргүзүү үчүн университеттин “Методикалык кеңешинин” мүмүнчүлүктөрүн пайдаланууга туура келди.

 

ЖАМУда үзгүлтүксүз жана көп баскычтуу билим берүү системасын толук ишке ашыруу аркылуу билим берүүнүн сапатын жогорулатуу эң башкы максатыбыз. Билим сапатын жогорулатуунун негизи катары зарыл болгон шарттарды түзүү эсептелет. Башкача айтканда студенттер окуп-билим ала турган жана профессордук-окутуучулук курам окутуп тарбиялай турган жагымдуу чөйрө болуш керек. Аны биз түзүүгө жетиштик.

Окутуунун инновациялык методдорун кеңири жайылтуу, дистанттык окутуу технологияларын колдонуу аркылуу билим сапатын жогорулатуу колго алынды.

Университеттеги негизги билим берүү программасынан сырткары студенттердин кошумча билим алуусу үчүн да мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Кошумча билим берүүнүн заманбап программаларын ишке ашыруу аркылуу университет билим берүү кызматтарын кеңейтип жатат.

 

Студенттер тил үйрөнүү боюнча (орус, англис, кытай ж.б.),  компьютердик сабаттуулук боюнча курстардан окуп жатышат. Бул багытта студенттеринин кызматында “Конфуций” институту, Америка борбору, жаштар комитети, маданий-эстетикалык борбор, ар кандай спорттук ийримдер иштейт. “Конфуций” институту кытай тилин үйрөнүүгө кеңири мүмкүнчүлүк берсе, Америка борбору англис тилин үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө эшик ачат.

“Конфуций” институту Кытай менен эки тараптуу келишимдин негизинде түзүлүп, кытай тили курсуна жазылган студенттерге гана тил үйрөтпөстөн, окутуучуларга, мектеп окуучуларына жана шаардын бардык тургундарына алардын каалоолоруна жараша жаш өзгөчөлүктөрүнө карабастан кытай тилин үйрөтөт. Бул жерде окутуучу катарында Кытайдан келген волонтерлор иштешет. Учурда 1000ге жакын балдар-кыздар, шаардын тургундары кытай тилин, кытай маданиятын өздөштүрүүдө.

 

Студенттердин сапатуу билим алуусун камсыз кылуу үчүн билим берүү сапатын ички текшерүү жолго коюлду жана тынымсыз мониторинг жүргүзүү жана талдоо жасоо механизмдери иштелип чыкты.

 

ЖАМУда жасалып жаткан иштерге өкмөт тарабынан да жакшы баа берилүүдө. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков өзүнүн 2017-жылдын декабрь айында Жалал-Абад мамлекеттик университетине болгон иш сапарында AVN системасындагы автоматташтырылган окуу процесси, тесттик борборлор, студенттер жана ата-энелер үчүн иштеп жаткан “KelBil” мобилдик тиркемесинин кызматтары менен  жакындан таанышып, “Америка ордосу” ресурстук борбору, “Конфуций” институту жана башка университеттин окуу бөлүмдөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүнөн кабар алды.       

 

Премьер-министр Сапар Исаков өз сөзүндө: “Жалал-Абад мамлекеттик университети студенттердин заманбап билим алуусуна толук мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бериптир. Азыркы кездин негизги талабы болгон компьютердик техника  менен жеткиликтүү деңгээлде камсыздалган. Окуу процессинин автоматташтырылышы, электрондук модуль, экзамендердин жүрүшү бул азыркы заман талабы болуп саналат. Айта кетүүчү нерсе, студенттерге жакшы шарттар түзүлгөн. Жаштар тил үйрөнүп, дүйнө таанымын кеңейтүү  маселеси да чечилген. Кыскасын айтканда, көпчүлүк чоң окуу жайлардан билим берүүдөгү мүмкүнчүлүктөрүнүн бийиктиги, учурдун талабына толук кандуу жооп бергени менен алдыда экенин  байкадык. КРнын Билим берүү жана илим министри Гулмира Кудайбердиевага, ЖАМУнун жетекчилигине жана жалпы жамаатына ыраазычылык билдирем” – деди.

 

Андан кийин С.Исаков “Таза коом”, “Жаңы доорго 40 кадам” долбоорлорунун алкагында да жакшы иштер жүрүп жатканын көргөндүгүн, келечектин ээлери болгон жаштарыбыз татыктуу билим алып жатканы кубандыргандыгын айтты.

 

Иш сапардын соңунда С.Исаков чоң жыйындар залында студенттер менен жолугуп, алардын суроолоруна жооп берди. Негизинен жаштар өлкөнүн экономикалык өнүгүүсү, “Таза коом” долбоору, гендердик саясат, мигранттардын маселеси  жана башка  суроолорун узатышты. Өкмөт башчы жогорку деңгээлдеги суроолорду узаткан үч студентке өзүнүн белеги ыйгарылаарын айтып кеткен эле. Өкмөт башчы өз сөзүндө туруп, үч студентибизге акыркы үлгүдөгү планшеттерди берип жиберген.

 

- Академиялык мобилдүүлүк жөнүндө түшүнүк берсеңиз?

 

- Академиялык мобилдүүлүк - башка жогорку окуу жайларга барып, алардын материалдык-техникалык, окуу-методикалык ж.б. мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланып, билимин өстүрүп, тажрыйба алмашуу дегенди түшүндүрөт. Бул башка ЖОЖго же башка өлкөгө биротоло которулуп же чыгып кетүү дегенди түшүндүрбөйт, студентке келишим боюнча бир семестр ичи окуп келүүгө гана мүмкүнчүлүк берилет. Чет өлкөлүк, Бишкек, Ош шаарларындагы, региондордогу ЖОЖдор менен түзүлгөн келишимдердин, Ош декларациясынын негизинде университеттин студенттери академиялык мобилдүүлүк программасынан пайдаланышууда. Акыркы бир семестрдин ичинде эле ички академиялык мобилдүүлүк боюнча ЖАМУга 7 студент келген, ал эми 9 студентибиз сыртка чыккан. Сырткы академиялык мобилдүүлүк боюнча чет өлкөлөргө кеткен ЖАМУнун студенттери Казахстандын Гумилев университетинде жана Румыния өлкөсүндө бир семестрден окуп келишти. Германияга (DAAD - Германия академиялык кызматташтык  кызматы) менен 2014-жылдан бери 9дан студент бир айлык жайкы мектепте окуп келишүүдө, LOGOEV (Германиянын айыл чарбасында практика өтүү) боюнча экология, ветеринариядан адистиктери боюнча 6дан студент барып келишти.

 

Бир топ студенттерибиз ар түрдүү долбоорлордун алкагында Кытай, Европа мамлекеттерине да барып келишүүдө. Ысык-Көл мамлекеттик университети, Ош шаарындагы университеттер менен да академиялык мобилдүүлүк аркылуу окутуучуларды, студенттерди тажрыйба алмашууга, окуп келүүгө жөнөтүү боюнча да иштерди жүргүзүп жатабыз. Бишкек гуманитардык университети, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, ж.б. борбор шаарыбыздагы университеттерибиз менен буга чейин болуп келген байланыштарыбыз мындын да күчөтүүдөбүз.

Университет өзүн-өзү таанытуунун бир критерийи болгон чет элдик байланыштарды да күчөтүп жатат. Эл аралык билим берүү тутумунда активдүү катышуучулардан болуу биздин негизги милдеттерибизден. Университетте педагогика, филология багытында, айрыкча медицина багытында билим берүүнү экспорттоо боюнча жана инвестиция тартуу боюнча жакшы иштер аткарылууда. Бүгүнкү күндө ЖАМУда 10 дон ашык чет өлкөлөрдөн келген 1000ге жакын чет элдик студенттер окушат. Мына кечээ жакында эле областтык делегациянын курамында Озбекстандын Анжыян областына барып, ал жерден эки жогорку окуу жайы менен өз ара кызматташтык жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгү боюнча 4 келишим түзүп кайттык. Бул кошуна мамлекет менен болгон мамилелерибиздин башталышы гана деп ойлойбуз, алдыда ишке ашыра турган көп пландарыбыз бар.

 

- Окуу жайдын илимий потенциалы жана жүргүзүлүп жаткан илимий иштери тууралуу айта кетсеңиз?

 

- ЖАМУда ар түрдүү багыттагы илим-изилдөө иштери жүргүзүлүп жатат. ЖАМУ беш багыт боюнча диссертациялык кенешке түзүүчү катары кирип, республикада илимий изилдөөлөрдүн өнүгүшүнө салымын кошууда. Изденүүчүлөрдүн изилдөөлөрүн практикалык багыттарына стимулдаштыруу жана финансылык көмөк көрсөтүү жолго коюлду. Илимий мектептерди түзүү аркылуу кадрлардын потенциалын жогорулатуу илимий изилдөөнүн башкы приоритеттеринин бири деп айтсак болот.

 

Учурда ЖАМУда 20дан ашуун илимдин докторлору, профессорлор, 100гө жакын илимдин кандидаттары, доценттер иштешет. Бул көрсөткүчтөрдүн саны жылдан-жылга өсүп келе жаткандыгы, албетте, сыймыктандырбай койбойт. Университет жаңы ачылган жылдары профессордук-окутуучулук курамдын сапатын жакшыртуу максатында борбордук окуу жайлардан атайын чакыруу менен келген профессор, доценттердин, андан кийин университеттин өзүнүн алгачкы бүтүрүүчүлөрүнүн арасынан суурулуп чыгышып, аспирантура, докторантурага тапшырышып, илимий даражаларын жогорулатышкан жаш окумуштуулардын эсебинен ЖАМУ бүгүнкү күндө илимий потенциалы боюнча башка жогорку окуу жайларынан ашса ашаар, бирок кем калышпай келе жатат.

 

Буга мисал кылып, “университет” статусун алганына араң эле 25 жыл толгон ЖАМУда учурда Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча Мамлекеттик сыйлыгынын 2 лауреаты, эмгек сиңирген кызматкерлер эмгектенип жатканын айтсак, башка окуу жайлардын алдында мактанса мактанаарлык, бирок аша чапкандык болбос.

Мындай жетишкендиктердин сыры ЖАМУда илим жолуна түшкөн жаш окумуштууларга өз убагында тиешелүү жардамдарды көрсөтүү, илимий даражаларын жогорулатууга аракет кылып жаткан илимдин кандидаттарына да колдон келишинче көмөк көрсөтүү боюнча да атайын иш-чаралар каралып, анын аткарылышы дайыма көзөмөлдө турушунда. 2018-жылдын башында эле, кандидаттык эмгегин коргоого чыгып жаткандарга университет тарабынан берилүүчү акчалай жардамды 20 миң сомго, ал эми доктордук эмгегин жактоого чыккан окумуштууларга - 30 миң сомго чейин көтөрүү боюнча ректордун сунушун Окумуштуулар Кеңеши бир добуштан жактырып кабыл алды.

Мындан сырткары, илимий иштеринин жыйынтыгында кандидаттык жана доктордук диссертацияларын коргоп жаткан кесиптештерибизге илимий эмгектерин басмадан чыгарууга да университет тарабынан финансылык колдоо көрсөтүлүп турат.

 

- Сизге коюлуп жаткан айрым дооматтарга гезитибизден орун бергенбиз. Балким Сиздин ага карата жообуңуз бардыр?

 

- Ушул жылдын 21-мартында “Майдан” гезитинин №010 санына Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, анын ректорунун үстүнөн каралоо максатында автору белгисиз макала жарыяланган. Автору жок, демек, жоопкерчилик алган тарап жок макалага комментарий берүүгө кызыкдар деле эмесмин.

 

Бирок, макаладагы маалыматтар толук бурмаланып кеткендигин, атайын провокатордук мүнөздө жазылгандыгын эске алып, кээ бир нерселерди тактап коюу ашыктык кылбайт деп эсептейм.

 

Бир эле мисал келитрейин,  мени “2009-жылдан бери 9 жыл бою министрликтин буйругу жок окуу иштери боюнча проректор кызматында иштеген” - деген маалымат эч кандай чындыкка, дегеле логикага жатпастыгы, акылга сыйбастыгы бардык акыл-эстүү кишиге түшүнүктүү. Ал кызматка мен Билим берүү министрлигинин 25.02.2009-жылкы №29/4 буйругу менен дайындалгам. Буйрук университеттин кадрлар бөлүмүндө да, министрликте да турат, кызыккандар барып көрсө болот.

 

Өкмөткө, Жогорку Кеңешке жана укук коргоо органдарына Түштүк регионалдык “Коррупцияга каршы элдик көзөмөл” коомдук бирикмесинин төрагасы Ж.Пазыловдон келип түшкөн дооматтарды текшерүү максатында Өкмөттүн тапшырмасы менен ББжИМдин 13.02.2018-жылкы №20/2 буйругу менен атайын комиссия түзүлгөн жана анын курамына арыздануучу тарап болгон Ж.Пазыловдун өзү да кирип текшерүүгө активдүү катышкан.

 

Ушул эле дооматтар менен арыздануучулардын кайрылууларынын  негизинде  прокуратура органдары тарабынан 3 жолу, Финансылык полиция тарабынан да көз карандысыз аудиттер чакыртылып, текшерип чыгышкан, жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталган эмес.

 

Акыркы текшерүүнүн жыйынтыгында да аталган дооматтардын бири да аныкталбагандыгы тууралуу комиссия өз корутундусун жазып берген. Ошого карабастан аталган макалада бул комиссиянын жана буга чейинки текшерүүлөрдүн жыйынтыктары бурмаланып жазылган.

 

Айта турган нерсе, биз ачыкпыз, бардык маселелерди дайыма өз убагында, мыйзам чегинде гана чечкенге аракет кылабыз.

 

Эми ачыгын айтканда, булардын баары, миңдеген мүчөсү бар жамааттын атына жамынып алып, бирок өз атын атагысы келбеген, жеке таарынычы бар, чагымчыл маанайда, саясий мүдөөсү ишке ашпай калган 2-3 эле адамдын абалды туруксуздаштырууга кылган аракеттери экенине түшүнүү менен мамиле кыламз. Биз мындай тоскоолдуктарга карабастан ЖАМУнун чоң жамааты менен максаттарыбызды, реформаларыбызды ишке ашыруу үчүн  өз жолубузду улай беребиз. 

 

Маектешкен

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Майдан.kg” гезити