“Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовго карата сот процесси кызуу жүрүп, анын жүрушүндө  депутаттык мандатынан ажырап калуусу мүмкүндүгү дайын боло баштады. Буга дейре ушундай ыкма менен Аида Салянова да мандатынан кол жууган.

 

Шыкмаматов кетсе ордуна Ташболот Балтабаев келет. Экс-депутат “Ата Мекендин” мурдагы лидери Өмүрбек Текебаев менен кайчы пикирди карманаарын анын Текебаев тууралуу берген комментарийлеринен байкоого болот. Ал 2016-жылы Текебаевди партияга авторитардык режим орнотуп койду деп айыптаган.

 

Бирок, Ташболот Балтабаевдин “Вести” маалымат агенттигине билдиргенине караганда, анын Текебаев менен пикир келишпестиги парламентке баруусуна тоскоол болбойт.

 

“Жогорку Кеңеш Текебаевдин жеке конторасы эмес. Менин саясатта өз көз карашым бар. Мен дайыма жеке позициямды карманып жүрөм. Өмүрбек Чиркешович партияга авторитардык режим орноткон деп азыр деле эсептейм. Тез-тезден оюн өзгөртүп турчулардан эмесмин”, - деген экс-депутат.