Кыргыз Улуттук университетинин мугалимдери митинг өткөрүшкөн. Аталган университеттин ректору Канат Садыков бул тууралуу мындай түшүндүрмө берди:

 

“Мугалимдер жашап жаткан жатакана авариялык акыбалда турат. Имарат капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж. Жакында эле жатакананын электр түркүгү күйүп кеткен. Баарын жаңылаш керек”, - деди ректор.

 

Ал бул тууралуу маалымат жыйынында айтты. Белгилешинче, ал жатаканада жашаган студенттерди башка жактарга жайгаштырышкан, бирок, мугалимдер чыгууну каалабай жатышат.

 

“Кокус өрт чыкса ким күнөөлүү болот? Бул адамдардын балдарынын алдында жоопкерчиликсиз болуп жатканы тынчсыздандырат. Жатаканада азыр 80 кичинекей балдар жашайт. Негизи бул жатакана студенттерге ылайыкташтырылган. Мугалимдер ал жакта жашабашы керек эле. Университеттин мурдагы жетекчилиги мугалимдерди жашатып койгон экен”, - дейт ректор.

 

 КМУнун мугалимдери жатаканадан чыгарып жаткан ректорго нааразы болушуп, башкы корпустун алдында митинг уюштурушкан.