Бишкектин Жал кичирайонунда шектүү киши пайда болду. Ал кечкисин сейилге чыгат да, короодо ойноп жүргөн жаш балдар менен сүйлөшүүгө аракет жасайт. Бул тууралуу соцтармактардын бирине аталган кичирайондун жашоочусу жазып чыкты.

 

“Мен ылдыйкы Жалда жашайм. Кечки саат 6ларда кызым менен сейилге чыгам. Күн сайын 45 жаштардай көрүнгөн жалгыз киши да чыгат. Адекваттуудай эмес, дайыма күлө берет. Бир жолу кызым самокатта менден 30 метрдей алдыга кеткенде, тиги киши короодон чыга калып, кызым менен жылуу сүйлөшүп, колун сунду. Менин жете келгенимди көргөндөн кийин мага “Кызыңыз бала бакчага барабы?” деп суроо берди. Эч нерседен шектенбей жок деп жооп бергем. Кийинки күнү да так ошол убакытта ошол жерде кайдан жайдан пайда болду, дагы кызым менен сүйлөшө баштады. Мен дагы чуркап барсам, канча жашта экенин сурады. Бул жолу ачуум келип калган болчу, кызыма такыр жолобо деп эскерттим”, - деп жазган.

 

Анын айтымында, шектүү киши ылдыйкы Жалда 78 жана 82-үйдүн ортосунда кездешет.

 

Бишкек ШИИБи профилактикалык иш аракеттерди көрүүдө.