Түркмөнстандын чыгышында жергиликтүү бийлик  коопсуздук органдарынын жардамы менен соңку үч жылдан бери Түркияда жүргөн аялдарды үйүнө кайтаруу боюнча кысым көрсөтүүдө.

 

"Азаттыктын" түркмөн кызматы менен маектешкен Лебап облусунун жашоочусу Түркияда иштеп жүргөн кызы менен карындашын үйгө алып келүү үчүн жергиликтүү бийлик 15 күндүн ичинде чет паспорт жана билет сатып алууга жардам бергенин айтты.

 

“Жергиликтүү бийлик коопсуздук органдарынын жардамы менен Түркияда иштеп жүргөн кыздарыбызды алып келүүнү талап кылууда. Эгер алар кайтып келишпесе, административдик айыппул тартышарын айтышууда. Биз эле эмес, башка райондордо жашаган тааныштарыбыз дагы ушундай кырдаалга кабылышты. Алар мындай катаал жол менен Түркияда иштеп жүргөн кыздарды үй-бүлөлөрүнө кайтарууну көздөшүүдө”, - деди жергиликтүү тургун.

 

Түркмөн бийлиги Түркияда иштеген кыз-келиндер кайтып келишпесе, аларды бардык укуктардан, анын ичинде түркмөн жарандыгынан дагы ажыратышарын эскертүүдө.