Акыркы сегиз жылда Кытайдын болгону 214 жараны Кыргызстандын жарандыгын алышкан. Алардын 129у Кытайда өсүп чоңойгон этникалык кыргыздар.

 

Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

 

Маалыматка караганда, маалымат булактарында Кытайдын миңдеген жарандары Кыргызстандын жарандыгын алышкан деген маалыматтар чындыкка дал келбейт.

 

 Ошондой эле кыргыз кыздары менен баш кошкон 30 миң кытай жарандары тууралуу маалымат да калп. Акыркы 17 жылда 195 кыргызстандык Кытай жарандарына турмушка чыгышкан.