Жалал-Абад шаарында быйыл 100 түп сакура жана 100 түп катальпа дарагынын көчөттөрү отургузулат. Буга чейин бул бактардын көчөтү мынчалык көп эгилген эмес эле.

 

Үстүбүздөгү жылы Жалал-Абад шаарынын аймагына 3800 түп ар кайсы дарактардын көчөттөрү эгилет. Бул тууралуу шаардык жашылдандыруу чарбасынын жетекчиси Алымбек Оморкулов билдирди.

 

-Көчөттөрдүн 900дөн ашууну кооздук берүүчү дарактар болуп, атайын сатып алынган. Ал эми отургузулуучу сакура дарагы дегеле Кыргызстанда сейрек кездешет. Ага байланыштуу баасы да башка декоративдүү дарактардын көчөттөрүнө салыштырмалуу кымбатыраак келет. Ал эми шаардык жашылдандыруу бөлүмү тарабынан сакура жана катальпа көчөттөрү 180 сомдон сатыр алынды, алар эс алуу бактарына отургузулуп жатат, - дейт ал.

 

Кошумчалай кетсек, япон маданиятынын жана достуктун символу болгон сакура 2017-жылы Кыргыз-Япон дипломатиясынын 25 жылдыгына арналып, Бишкек шаарында 6 түрү эгилген. Ал эми Жалал-Абадда бул дарактар бирин-экин гана кездешчү.