“Каалоо болсо эле акча табылат”, - деди депутат Наталья Никитенко. Ал мындай пикирин Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитетинин жыйынында билдирди.

 

Айтымында, жөлөкпулдарды кимдер алаары тууралуу бүгүнкү күндө да так аныктама жок.

 

“Буга дейре ашыкча кирешеси болгон жарандарга жөлөкпул берилбей турган болгондуктан эл кирешесин жашырып, жөлөкпул алууга даярданып келишкен. Жаңы мыйзамда жашырылган кайырмактар өтө көп, алар деле маселени чечип бере алышпайт”, - деди депутат.

 

Жакында интернет тармагына тараган 8 жаштагы кыз өгөй энесинен кордук көргөнү тууралуу окуяны да Никитенко эске салды.

 

“Кыз өгөй энесинен кесим нанды жеп койгону үчүн таяк жептир. Бул үй-бүлөдөгү жакырчылыктын жеткен чеги, анын үстүнө алар жөлөкпул алышпаган. Бул төбө чачты тик тургузган окуялардын коомчулукка маалым болгону гана, дагы канча ушундай окуялар болуп жатканын билбейбиз. Таштандыга жакын аймактагы эл дареги жок жашашат. Аларга да жөлөкпул жетпейт, система ачык-айкын эмес”, - деди депутат.

 

 “Ар бир бала жетиштүү жашоодо жашашы үчүн жөлөкпул берүү керек. Калоо болсо, саясий эрк болсо акча табылат”, - деп кошумчалады Никитенко.