24-мартта Орусияда төрт жыл абакта отуруп чыккан Шамсиддин Шодиматов Согди облусунун Ашт районундагы үйүнө жеткенде таксист менен уруша кетип, ага бычак сайган. 58 жаштагы айдоочу райондук ооруканага жеткирилип, операциядан кийин көз жумду.

 

«Ишемби күнү Орусиядан учуп келген Шодиматов Хужанддан үйүнө чейин 200 сомониге такси жалдаган. Бирок үйүнө жеткенде акча боюнча алардын ортосунда талаш чыгып, Шамсиддин айдоочуну бычак менен сайып жиберген», - деп билдирди жергиликтүү тургундардын бири.

 

Анын айтымында, окуянын күбөлөрү такси айдоочусун дароо ооруканага жеткиришкен, бирок анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

 

Күбөлөр билдиришкендей, жаңжалдын чыгышына жолдун макулдашылгандан узак жана начар болушунан улам айдоочунун дагы акча сурагандыгы себеп болгон болушу мүмкүн.

 

Кылмышка шектүү милиция кызматкерлери тарабынан 25-мартта кармалды. Ага каршы кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.